Редакцияот 27.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 6-чакырылышынын 22-чи кезектүү сессиясы

2021-жылдын 27-январы № 4

Кара-Булун айылынын элин таза суу менен камсыздоого карата Кара-Булуң айылына муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө

Кара-Булун айылынын элин таза суу менен  камсыздоого карата Кара-Булуң айылына муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө Кара-Булуң айылынын айыл башчысы К.Мамбетовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Булун айылына ичүүчү таза сууга карата муниципалдык ишкана ачууга макулдук берилсин.

2. Таза суу менен камсыздоого карата түзүлгөн Кара-Булун айылынын муниципалдык ишканасына тиешелүү иш-кагаздарын бүтүрүү, уюштуруу жагы Кара-Булуң айыл башчысы К.Мамбетовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы К.Бегалиевге тапшырылсын.

 

Төрага:

Б.Айыпов