Редакцияот 27.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеӊешинин 6-чакырылышынын 22-чи кезектүү сессиясы

 

2021-жылдын 27-январы № 5

Кара-Булун айылына фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) куруу жөнүндө

Кара-Булуң айылына айыл тургундарынын саламаттыгын сактоого карата жаңы ФАП куру боюнча Кара-булун айылынын айыл башчысы К .Мамбетовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Булун айылына фельдшердик-акушердик пунктту (ФАП) Модубаев Иният менен Миңбаев Бакырдин көчөлөрүнүн кесилишине курууга карата макулдук берилсин.

2. Кара-Булун айылына фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курууга карата тиешелүү иш-кагаздарын бүтүрүү, уюштуруу жагы Кара-Булуң айыл башчысы  К.Мамбетовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы К.Бегалиевге тапшырылсын.

 

Төрага:

Б.Айыпов