Редакцияот 05.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2019-жылдын 5-ноябры №17/3

Кош-Добо айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдоруп мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Кош-Дөбө айыл аймагынын мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XVII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 .Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн апаратынын каттоодон өткөрүлүп kara-burgon.el.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Курманалиев Адилге жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Иманалиев