Редакцияот 21.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Үгүт айылдык кеӊешинин кезексиз XX сессиясы

 

2019-жылдын 21-февралы № 20/8

Үгүт айылынын тургундарын «Үгүт айылдык аймагынын ардактуу атуулу» наамына кѳрсѳтүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга кѳрсѳтүү жѳнүндѳ» мыйзамына ылайык. Үгүт айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Үгүт айылдык аймагынын Үгүт жана Байгѳнчѳк айылдарынын тургундары Тайчыманова Күлсайра, Аликов Темирбек, Токтосунов Жапаралы, Ѳмүров Абдылда, Мамбетказиев Айдарбек, Бузурманов Табылды, Жанышова Сыргабүбүнүн аймактын ѳнүгүүсүнѳ зор салым кошкондугун эске алып, «Үгүт айылдык аймагынын ардактуу атуулу» наамына кѳрсѳтүлсүн.

2. Бул токтомду аткаруу жагы Үгүт айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.

 

Төрайымы:

Р. Майрыкеева