Редакцияот 29.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Үгүт айылдык кеӊешинин кезектеги XXXIII сессиясы

 

2021-жылдын 29-январы № 33/1

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Үгүт айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Үгүт айылдык кеңешинин 2019-жылдын 20-августундагы ОсОО «Нур телеком» ишканасына Үгүт айылдык аймагынын Байгѳнчѳк айылына мобилдик байланышты жакшыртуу максатында жер бѳлүп берүү жѳнүндѳ чыгарылган № 23\2 токтому жокко чыгарылсын.

2. Аймактагы муниципалдык жерлерди арендага берүүдѳ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде чечим чыгарып берүү жагы айыл ѳкмѳт башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрайымы:

Р. Майрыкеева