Редакцияот 28.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ТАЛАП КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Талап айыл аймагынын Кеңешинин алтынчы чакырылышынын XXII сессиясы

2021-жылдын 28-январы № 1

Жаны-Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга кароо бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Л.Дуйшенбекованын 2020-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө билдирүүсүн угуп талкуулап Депутаттардын Жаны–Талап айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

1. Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджети боюнча отчетунун аткарылышы жактырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Жаны-Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бейшенкуловго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

А. Бексултанов