Редакцияот 28.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ТАЛАП КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Талап айыл аймагынын Кеңешинин алтынчы чакырылышынын XXII сессиясы

2021-жылдын 28-январы № 6

Жаны-Талап айыл аймагынын Байымбет атындагы орто мектебинин чарбалык иштер боюнча директордун орун басарынын 2020-жылга отчетун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына ылайык Жаны-Талап айыл аймагынын Байымбет атындагы орто мектебинин чарбалык иштери боюнча директордун орун басары Жумамамбетов Келдибек Советбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айтылган сын-пикирлердин негизинде Жаңы-Талап айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Жаны-Талап айыл аймагынын Байымбет атындагы орто мектебинин чарбалык иштер боюнча директордун орун басарынын аткарган иштери жактырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Талап айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Бейшенкуловго милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

А.Бексултанов