Редакцияот 03.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ТАЛАП КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Талап айылдык кеңешинин XIX сессиясы

2020-жылдын 3-февралы № XIX/7

Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн айылдык кенешиин айылды инвестиция долбооруна маданият үйүнүн жылуулук системасын киргизүү, инвентарларды алмаштыруу, музыкалык аспаптарды алуу, чакан долбоорду сунуштоо жөнүндө

КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына ылайык Жаны-Талап айылында 2020-жылдын 16-январында коомдук угууда маданият үйүнүн жылуулук системасын киргизүү, инвентарларды алмаштыруу, музыкалык аспаптарды алуу, чакан долбоорду сунуштоо жөнүндө айылдык инвестициялоо (ПСИ-3) долбоорунун дизайнын жактырып жана талкуулап Жаны-Талап айылдык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жаны-Талап айылындагы маданият үйүнө жылуулук системасын киргизүү, инвентарларды алмаштыруу, музыкалык аспаптарды алууга чакан долбоорунун дизайны жактырылып, чакан долбоор АИД-3 долбооруна сунушталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Жаны-Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бейшенкуловго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

А. Бексултанов