Редакцияот 25.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ТАЛАП КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Талап айылдык кеңешинин XIII сессиясы

2019-жылдын 25-апрели № XIII/1

1. Жаны-Талап айылынын жазгы талаачылык жумуштарынын жүрүшү жана куйуучу майдын топтолушу, ага карата техникалардын даярдыгы жөнүндө

КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына ылайык Жаны-Талап айылынын жазгы талаачылык жумуштарынын жүрүшү жана куйуучу майдын топтолушу, ага карата техникалардын даярдыгы жөнүндө Жаны-Талап айыл окмотунун айыл чарбасы боюнча башкы адиси С.Саткынов отчетун угуп жана талкуулап Жаңы-Талап  айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жаны-Талап айылынын жазгы талаачылык жумуштарынын жүрүшү жана куйуучу майдын топтолушу, ага карата техникалардын даярдыгы жөнүндө Жаны-Талап айыл өкмөтүндөгу жургүзүлуп жаткан иштер канааттандырарлык деп табылсын.

2. Жаны-Талап айыл өкмөтүндөгу айдоо жерлерин сугаруу иштеринде айрым кемчиликтер кетип жаткандыгы белгиленсин. Мураптардын иши катуу көзөмөлгө алынсын

3. Мураптардын ишин контролдоо Жаны-Талап  айыл окмотунун айыл чарбасы боюнча башкы адиси С.Саткыновго тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Жаны-Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бейшенкуловго милдеттендирилсин.

 

Төрагасы:

А. Бексултанов