Редакцияот 30.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 30-июлу № 1

Баткенге каражат азыратуу жөнүндө

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 26-июль 2021-жыл № 147-б буйругуна негиз жана Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июнундагы № 201-сандуу тескемеси менен Ноокен районуна шефтикке берилген Баткен областынын Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагыныны социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында айыл өкмөтүнүн бюджетинен 150000 (жүз элүү миң) сом каражат ажыратылып берилсин.

2. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Н.Мадалиев