Редакцияот 07.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 7-июлу № 1

Электр линияларын менчикке өткөрүп берүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 19-беренесине негиз жана Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовдун маалыматы эске алынсын.

2. Кызыл-Туу айылынын Кең-Сай көчөсүндөгү электр линиялары ЖЧК “ТИГА” нын жеке менчигине мыйзамда каралган тарифтерди сактоо менен өткөрүүгө макулдук берилсин.

3. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Н.Мадалиев