Редакцияот 13.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 13-январы № 10

Жайытка берилген акча каражатын кайтарып алуу жөнүндө

Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы күн  тартибиндеги меселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2019-жылы жайытка АРИС тарабынан сатып алынган  фронталдык жүктөгүчтүн өздүк салымына кайтарып берүү жолу менен берилген 895000 (сегиз жүз токсон беш миң) сом акча каражатынын 570000(беш жүз жетимиш миң) сому   кайтарылып берилди. Калган 325000 (үч жүз жыйырма беш миң) сом каражатын айыл өкмөтүнүн ички көчөлөрүн тегиздөө, шагал төгүү кызматы менен кайтарууга уруксат  берилсин. Техника саатына 3000(үч миң) сомдон жумуш аткарат.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Э. Мансиркулов