Редакцияот 21.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫ

 

2020-жылдын 21-январы № 5

Арстанбап айыл аймагындагы №5 “Айпери” жана №19 “Булбулча” балдар бакчасында Ата-энелерден алына турган төлөмдү 300 сомго кобөйтүү жөнүндө

Арстанбап айыл аймагындагы №5 “Айпери” жана №19 “Булбулча” балдар бакчасында балдардын тамак-ашына ата-энелерден алына турган төлөм балдар бакчаларында, ата-энелер менен болгон чогулуштун протоколун негизинде 300 сомго көбөйтүү жөнүндө Арстанбап айылдык Кеңешинин

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Арстанбап айыл аймагындагы №5 “Айпери” жана №19 “Булбулча” балдар бакчасында ата-энелерден алына турган төлөм азык-түлүктүн баасын өсүшүнө байланыштуу ата-энелердин өздөрүнүн макулдугун эске алып 2020-жылдын январь айынан тартып 300 сомго көрсөтүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөну өзүмө калтырамын.

3. Токтом Арстанбап айыл Өкмөтүнүн www.Arstanbap.kg расмий сайытында жариялансын.

 

Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

Ж. Абдухалилов