Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 5-июнундагы № 398

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2003-жылдын 1-июлу № 399

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында

жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын

25-июнундагы № 377 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

1. "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштегеи адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 токтомунун № 1 тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "Тогуз-Торо району" деген бөлүмдүн "райондук коэффициент" графасындагы 2, 6, жана 14-пункттарындагы "1,20" деген цифра "1,45" деген цифра менен алмаштырылсын.

 

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттерин төлөө 2003-жылдын 1-июлунан тартып жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

 

3. Бул токтом жалпыга маалымат каражаттарында жарыялансын.

 

Премьер-министр

Н.Танаев