Редакцияот 20.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VI сессиясы

2022-жылдын 20-январы № 3

СВА, ФАП кызматкерлеринин 2021-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу СВА, ФАП кызматкерлеринин 2021-жыл ичинде аткарган иштери боюнча 20.12.2021-жылы берген маалыматтарынын, социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын 15.01.2022-жылдагы корутундусунун негизинде маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу СВА, ФАП кызматкерлеринин 2021-жыл ичинде аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:

М. Акназаров