Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 24-февралы №8
Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкаруусунун “Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча 2022-2026-жылдарга карата программасын” бекитүү жана 20,18 гектар жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 14-беренелерин негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 20.01.2022-жылдагы чыгыш №01-23/5 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеңешинин 22.02.2022-жылдагы кеӊейтилген жыйынында карап чыгып, Жалал-Абад шаардык кеӊештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкаруусунда жайгашкан 6,04 гектар жер тилкесин “Өнөр жай жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” жана 14,14 гектар жер тилкесин “Айыл чарба максатындагы жер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкаруусунун “Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча 2022-2026-жылдарга карата программасы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына өз ишмердүүлүгүнө жогоруда бекитилген программасын ишке ашыруу үчүн иш аракет жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин жана аткарылышы тууралуу бир жылда бир жолудан кем эмес шаардык кеӊештин сессиясында отчет берүү жагы шаар мэрине (Э.Ормоков) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Орозбаев |
Жалал-Абад шаардык
кеңешинин “24”-
февраль 2022-
жылдагы
№8-токтомуна
№1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Спутник атындагы аймактык башкаруу мекемесинин 2022-2026-жылдарга карата программасы.
1.1. Географиялык өзгөчөлүктөрү.
Спутник атындагы аймактык башкаруу мекемеси (мындан ары – А.Б) Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкаруусу орун алган. Чыгыш тарабынан Достук аймактык башкаруу, түштүк тарабынан Таш-Булак, түндүк тарабынан Таш-Булак айылдык округу, батыш тарабынан Таш-Булак менен чектешип турат.
Рельефи: Аймактык башкаруунун аймагынын түздүк бөлүгү топурак, кум, майда таш жана шагылдардан турат.
Климаты: Климаты баардык райондук климаттык көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт. Климаты континенталдык, ачык байкалган кышы жана жайы менен. Абанын бир айлык орточо температурасы жай айларында өрөөндөрдө +33+400С, күз кургак жылуу кийинирек кышка айланат. Жердин үстүндө кар көп жатпайт. Январь-февраль айларында абанын температурасы –8-120С. Атмосфералык жаан-чачындын орточо саны бир жылда 500 мм. ден 600 миллиметрге чейин өзгөрүп турат.
Гидрографиясы: АБ аймагы аркылуу тоолуу жерлердеги куймалары менен Кок-Арт дарыялар агып өтөт (Кѳк-Арт дарыясы – 150 куб.м/с,) Дарыяларга кар-мөңгүнүн ээриген жана жаан-чачын суулары кошулат, максималдуу суу ташкын мезгили – май-июнь айлары. Түз жерлеринде коллектордук-дренаждык түйүндөр жок.
Өсүмдүктөрү: Тик алкактагы рельефи өсүмдүк катмарынын ар түрдүүлүгү менен шартталган. Жалпы түрлөрүүнүн курамы – ондогон түрлөрү, алар топторго кошулат (жээлчү жана жээлбечү).
Чөп өсүмдүктөрү менен катар эле бадалдар менен бак-дарактар да бар: терек, кара жыгач, тал түркүмүндөгүлөр да кездешет. Бакчалардан жыгач породалардын, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көп түрүн кездештирүүгө болот.
1.2. Аймактык башкаруусундагы социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү
Аймактык башкаруунун жалпы аянты 650 га, калктын туруктуу курамынын саны 28590 адам, алардын ичинен:
· Эркектер – 11280 адам;
· Аялдар – 17265 адам;
· 7 жашка чейинки балдар – 917 адам;
· 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар – 3876 адам;
· 18 жаштан 65 жашка чейинкилер – 9591адам.
Калктын эмгекке жарамдуулары - 9591 адам, алардын катарында:
· Иштегендери - 6921 адам;
· Иштебегендери - 2670 адам.
-калктын социалдык аярлуу топтору:
· пенсионерлер - 2570 адам;
· майыптар - 139адам;
· жалгыз бой кары жарандар - 15 адам;
· 7 жашка чейинки балдар - 917 адам.
Спутник аймактык башкаруусундагы калктуу конуштун жерлери категориясына (трансформация) өтпөгөн жер тилкелеринин жарандары тууралуу маалымат
№ | Калктуу конуш | Пенсио-нерлер | Майып- тар | 7 жашка чейинки балдар | Жалгыз бой кары жарандар | Эскертүү |
1. | Живпром(2) 1,5 | 63 | 3 | 53 | - |
|
2. | Живпром 2,6 | 28 | 2 | 35 | 1 |
|
3. | Живпром 5,04 | 21 | - | 28 | - |
|
4. | Живпром 4,2 | 18 | 1 | 23 | - |
|
5 | Р.Азимова 1,5 | - | - | - | - |
|
6 | Живпром( Жолдошев)1,5 | - | - | - |
|
|
7 | Живпром (ДЭУ) | - | - | - | - |
|
8 | Живпром | - | - | - | - |
|
| Спутник А.Б | 130 | 6 | 139 | 1 |
|