Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXIII сессиясы
2022-жылдын 08-февралы № 04
2021-2025-жылдарга Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ““Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”” мыйзамына ылайык, Токтогул шаарынын 2022-2024-жылдарга карата болжолдуу түзүлгөн өнүктүрүү программасы боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун маалыматын, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. 2021-2025-жылдарга Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасы айрым толуктоолор менен жактырылгандыгы белгиленсин, тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Ички жана тышкы финансы булактардан каражат табуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү менен программада камтылган иштерди аткаруу боюнча жоопкерчиликтүү иштер жүргүзүлсүн.
3. Аткарылышы боюнча Токтогул шаарынын коомчулугуна, шаардык кеңешинин депутаттарына ар бир жарым жыл ичинде 1(бир) жолудан кем эмес отчет берип туруу Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (К.Дербишев, С.Абышов , Д.Караева, У.Тойчубеков) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
8. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин 02.11.2020-жылдагы кезектеги XXIX сессиясынын № 29 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага: | М.Н.Жусупахунов |
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын “08” февраль 2022-жылдагы кезектеги XXXXIII сессиясынын № 04 токтому менен бекитилди
2021-жылдан 2025- жылдарга
Токтогул шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы
М А З М У Н У
1. Киришүү
2. Жалпы жоболор:
2.1. Программаны аныктоо
2.2. Принциптер
2.3. Максаты
2.4. Милдеттери
2.5. Багыттары
3. СЭӨП тузуму:
3.1. Өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобу;
3.2. Жумушчу топтун иш планын иштеп чыгуу;
4. СЭӨП иштеп чыгууну уюштуруу (механизм)
4.1. Учурдагы жагдайды талдоо боюнча анализи:
4.2. Мамлекеттик тармактык программаларды талдоо;
4.3. Токтогул шаарын өнүктүрүү программасынын негизинде 2021-жыл ичинде аткарылган иштери жөнүндө;
4.4. Жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын (талаптарын) талдоо
5. Өнүктүрүү программасынын жалпы максаты
6. Өнүгүү программасынын негизги багыттары
6.1.Социалдык коргоо;
6.2.Мектепке чейинки жана орто билим берүүнү жана маданиятты өнүктүрүү тармагы;
6.3.Спорт жана туризм
6.4.Сугат суу жана ирригация
6.5.Таза суу
6.6.Ички жолдор
6.7.Электр энергия, көчөлөрдү жарыктандыруу жана интернет байланышы менен камсыздоо
6.8.Гендердик иш аракеттер
6.9. Калктын аярлуу катмарларына жардам берүү
6.10.Саламаттыкты сактоо багыты
6.11.Айлана чөйрөнү коргоо, жашыладандыруу, көрктөндүрүү
6.12.Инвестиция тартуу жана инвесторлор менен туруктуу кызматташууга жетишүү
6.13.Маданият тармагын өнүктүрүү багыты
7. Өнүгүү программасын ишке ашыруу ишке боюнча иш чаралардын планы
8. Өнүгүү программасын башкаруу программага мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
9. Өнүктүрүү программасынын бюджети.
10. Тиркемелер
1. КИРИШҮҮ
Токтогул шаардык мэриясында 2021-2025-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактанөнүктүрүүнүн программасы, жарандардын турмушунун сапатын жакшыртууга, социалдык-экономикалык абалынын туруктуу өсүшүнө, жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга болгон конституциялык укуктарын ишке ашырууга шарттарды түзүү жана ЖӨБ органдарынын жарандардын алдындагы жоопкерчилигин көтөрүү максатында иштелип чыкты.
Социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программаны бекитүү үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп эсптелет:
КР Конституциясы;
КР Бюджеттик кодекси;
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамы;
Туруктуу өнүгүүнү стратегиялык жактан пландоо боюнча методология, (КР Экономика министрлигинин 2015-жылдын 27-февралындагы №45 Буйругу менен бекитилген)
Шаарлардын жана айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын даярдоо боюнча ЖӨБО үчүн усулдук колдонмо (Экономика министрлигинин 2019-жылдын 15-майындагы №63-А жана ЖӨБЭММАнын 2019-жылдын 16-майындагы №1-18/56 биргелешкен буйруктары менен бекитилген)
Жергиликтүү деңгээлде программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби тууралуу нускама (КР Финансы министрлигинин 2019-жылдын 23-июлундагы №69-Б Буйругу менен бекитилген)
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы №194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясат концепциясы аткаруу үчүн иштелип чыккан методикалык көрсөтмө
СЭӨПту пландаштыруу – коомчулук тарабынан жасалган аракеттердин жана чечимдердин жыйындысы, алар спецификалык стратегиялардын, б.а. миссияны аткаруу жана ага жетишүүнүн узак убактылуу максаттарын камсыз кылуу үчүн арналган деталдык, ар тараптуу, комплекстик пландарды иштеп чыгууга алып барат. Жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана жашоо шарты үчүн коомчулуктун бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу жана инвестиция тартуу аркылуу бардык тийешелүү шарттарды түзүп берүү менен жашоо деңгээлин жогорулатуу.
Программа Токтогул шаарынын аймагында ишке ашырылуучу максаттарды, милдеттерди коёт жана жергиликтүү коомчулуктардын кызыкчылыктары артыкчылыктуу деп эсептеп, бул багытта – иш аракеттеринин планын сунуш кылат. Ошондуктан Программаны ишке ашыруунун негизги жыйынтыгы жарандарга жеткиликтүү жана сапаттуу мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылган, натыйжалуу муниципалдык башкаруу болмокчу.
2.1. Программаны аныктоо
Социалдык-экономикалык өсүү – бул өлкөнүн калкынын бардык топторунун жашоо сапатын жогорулатуу жана мүмкүнчүлүктөрүнүн теңдигин камсыздоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен коштолгон экономикалык өсүү. Социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү программасы коомчулук тарабынан жасалган аракеттердин жана чечимдердин жыйындысы, алар спецификалык стратегиялардын, башкача айтканда миссияны аткаруу жана ага жетишүүнүн узак убакыттуу максаттарын камсыз кылуу үчүн арналган деталдык, ар тараптуу, комплекстик пландарды иштеп чыгууга алып барат. Жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана жашоо шарты үчүн коомчулуктун бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу жана инвестиция тартуу аркылуу бардык тиешелүү шарттарды түзүп берүү менен жашоо деңгээлин жогорулатуу.
Шаардын туруктуу өнүгүүсү бул-социалдык–экономикалык өнүгүүсү, азыркы муундун жана келечектеги муундун өнүккөн абалдагы, бардык шарттары бар жашоо турмушу. Муну менен бирге курчап турган чөйрөнүн сактоо, мыйзамдардын, үрп-адаттардын, салттардын талаптарына ылайык коопсуз, коомдук мамилени орнотуу. Ошондуктан жаңы кырдаалды баалап алдыга туруктуу өнүгүү максатында аймактагы калктын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга багытталган программа даярдалуусу зарыл. Ошондой эле, жаңы жумушчу орундарын түзүү үчүн жеке кичи ишканаларды ачуу жана эл аралык долбоорлор менен кызматташууга мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет.
2.2. Принциптер:
- Шаардык мэриянын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү өзүнүн иш милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырылышы;
- Мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
- Өзүн – өзү каржылоо жана камсыз кылуу;
- Жарандардын жыйындарда, чогулуштарда өздөрүнүн ой пикирлерин эркин билдирүүсү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жүргүзгөн иштериинин ачык айкындуулугу, калктын маалыматка жеткиликтүүлүгү;
- Жамааттардын мыйзам талаптарына ылайык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
- Үй бүлөлүк зордук зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иш чараларды жүзөөгө ашыруу;
- Калктын аз камсыз болгон аялуу катмарына социалдык жактан колдоо көрсөтүү, жакырчылыкты жоюу багытында иш алып баруу;
2.3.Жалпы максаттары:
- Шаарда натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү жергиликтүү коомчулуктарга отчеттуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну түзүү;
- Шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү;
- Финансылык туруктуулукту чындоо, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана максаттуу туура пайдаланууну камсыздоо;
- Жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишин камсыздоо;
- Шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жетишүү;
- Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өнүгүү планын аткаруу боюнча жарандык коом менен биргеликте инвестиция тартууга багытталган иштерди жүргүзүү;
2.4. Милдеттери:
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын коомчулуктун алдындагы отчеттуулугун өнүктүрүү;
- Коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууда жамааттын жоопкерчилигин жогорулатуу;
- Муниципалдык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
- Жергиликтүү денгээлде бюджеттик жана салык саясатын өркүндөтүү;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюштуруучулук жана укуктук ишинин натыйжалуулугун өркүндөтүү;
2.5. Багыттары:
- Токтогул шаарынын аймагынын болгон потенциалына, муктаждыктарына жана көйгөйлөрүнө баа берүү, шаардын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө болуучу же тоскоолдук кылуучу факторлорду, ошондой эле аларды өнүктүрүү келечектерин аныктоо;
- Орто мөөнөттүү келечекке шаарды туруктуу өнүктүрүү максаттарын, милдеттерин жана аларды чечүүгө багытталган иш чараларды коюу;
- Программанын максаттарына жетүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аткаруу бийлигинин, чарбакер субьекттердин, ишкерлердин, коомдук уюмдардын, донорлордун жана жергиликтүү калктын иш аракеттерин координациялоо;
Бул документ Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарынын, Токтогул шаардык мэриясынын адистери жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн жана жарандардын катышуусунда даярдалды. Социалдык-экономикалык өнүгүү Программасын иштеп чыгуу жумушчу топ тарабынан иштелип чыкты. СЭӨП иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топ курамы Токтогул шаарынын мэринин буйругу менен бекитилди. Курамында гендердик тең салмактуулук сакталды, жумушчу топко мамлекеттик мекемелердин жана калктын аялуу катмарынын өкүлдөрү дагы киришти. Шаарды өнүктүрүү боюнча потенциалдуу өнөктөштөр жана лидерлер сунушталды. Жумушчу топтун милдеттери жана ыйгарым укуктары, СЭӨПсын берүү мөөнөттөрү аныкталды, материалдык-техникалык камсыздоо (орг.техника, иш бөлмөсү, кеңсе буюмдары) маселелери камтылды.
Токтогул шаардык мэриясынын социалдык экономикалык Өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча Токтогул шаарынын мэринин 2019-жылдын 03-декабрынын №240-буйругунун негизинде жумушчу тобу түзүлгөн: (буйрук тиркелет)
1. Н.Көчөрканова - Токтогул шаарынын вице-мэри, жумушчу топтун жетекчиси;
жумушчу топтун м ү ч ө л ө р ү:
2. Т.Дарманова - шаардык мэриянын аппарат жетекчиси;
3. Н.Кулузакова - шаардык мэриянын ФЭБ башчысы;
4. Н.Кулназарова- шаардык мэриянын жаштар иштери боюнча адиси;
5. Т.Бекташова - шаардык мэриянын башкы адиси;
6. А.Дорбукеева - шаардык мэриянын стат-экономист, жетектөөчү адиси;
7. Т.Раманкулов - шаардык кеңештин депутаты (макулдашуу менен);
8. Э.Жапаров - шаардык кеңештин депутаты (макулдашуу менен);
9. У.Тойчубеков - шаардык кеңештин депутаты (макулдашуу менен);
10. К.Ашырбекова - аялдар кеңешинин төрагасы;
11. Н.Сатыбалдиев - жеке ишкер;
12. К.Бабанов – “Бабан - Ата” коомдук фондусунун төрагасы;
13. С.Наралиева – Шаардык кеңешинин жооптуу катчысы;
Жалпы максаттары:
- Токтогул шаарын ар тараптан өнүктүрүү боюнча максаттуу багыттарын аныктоо;
- Гендердик тең салмактуулукту сактоо менен калктын суроо талаптарын ишке ашырууну эске алуу;
- Милдеттери:
- 2021-20225-жылдарга Токтогул шаарынын социалдык-өнүгүү программасын иштеп чыгуу;
- Жергиликтүү маанидеги маселелерди программага киргизүү;
3.1. Жумушчу топтун иш планын иштеп чыгуу
Өнүктүүү программасын иштеп чыгуу процессин уюштуруу максатында жумушчу топтун иш планы түзүлдү.( 1-тиркемеде көрсөтүлөт)
4. СЭОП ИШТЕП ЧЫГУУНУ УЮШТУРУУ (МЕХАНИЗМИ)
4.1. Учурдагы жагдайды талдоо боюнча анализи:
Социалдык жана гендердик сезимтал аспектилеринин (СГСА) пайдалуулугу жана болушу үчүн учурдагы кырдаалды талдоо анализи: Токтогул шаардык мэриясында СЭӨП 2025-жылга чейин иштелип чыккан. Социалдык паспорту бар. Бардык иш-чараларда гендердик сезимталдуулук көрсөткүчтөрү төмөн көрсөтүлгөн. Социалдык-экономикалык өнүгүү Программасында гендердик теңчиликти камсыз кылуу милдеттери артыкчылыктуу эмес болуп келген, бирок ошол эле учурда гендердик сезимталдуулук эске алынган. Мисалы: Токтогул шаарында ичүүчү таза суудан, катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууда калктын аялуу катмары, аялдар, эркектер да пайда көрүшөт. СЭӨП ишке ашыруу боюнча ишканалардын отчетторунда шаардык бюджеттен каржылоо көрсөтүлөт. Себеби: аярлуу катмарга, аялдарга, эркектерге жеңилдик катары субсидия каралган. Социалдык бөлүгүндө Карылар күнү, Энелер күнү, 8-март аялдардын Эл аралык күнү, Балдардын коргоо күнү, майыптар күнү ж.б. майрамдарды белгилөө тууралуу маалыматтарда материалдык жардам көрсөтүү чагылдырылган. Бирок аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн/ДМЧАлардын/жалгыз бой энелердин жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча конкреттүү иш-чаралар жок, алар алган социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү гана көрсөтүлгөн. Шаарда өнөр жай ишканалары жоктугунан, калкты жумуш менен камсыздоо мүмкунчүлүк болбогондугунан миграция маселеси толук чечилбей келе жатат.
Социалдык паспорт:
Социалдык жөлөк пул алуучулар – 436 аялуу үй-бүлө.
Жөлөк пул алган аярлуу үй-бүлөлөр – 694
Социалдык жөлөкпул алган 1,2 топтогу майыптар - 220, анын ичинен 18 жашка чейинкилер – 79
Бала кезинен майыптар - 48, жалпы жетим - 13, бакканынан ажыраган - 13
Улуу Ата Мекендик согуштун жесирлери – 4
Ооган согушунун катышуучулары -14, ЧАЭС -10, Баткен согушунун катышуучулары-10
СЭӨПтө төмөнкү милдеттерди пландаштырууда:
2021-2025-жылдарга Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн бардык тармактары камтылды. Социалдык-экономикалык өнүгүү Программасында гендердик сезимталдуулук эске алынды. Калктын аялуу катмарынын, ДМЧ, жеңилдик алуучулардын саны такталды.
Муниципалдык инфраструктура объекттери:
14 объект (мектептер - 4, ФАП - 1, ҮДТ-1, шаардык мэриянын имараты -1, бала бакча -5, балдар спорт мектеби-1, Балдар чыгармачылык үйү -1.
Коомдук уюмдар:
аксакалдар соту -1 , карыялар кеңеши-1, аялдар кеңеши - 1, жаштар комитети - 1, мечиттин имамдары - 5
Шаардык кеңештин депутаттарынын саны – 21 киши (6 аял). Төмөндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиялар -4
Шаардык мэриянын аппараты – 16 адам
4.2. Мамлекеттик тармактык программаларды талдоо:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасынын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасы
3.Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2023-жылдарга КР Өкмөтүнүн программасы.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга калктын ден-соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “Ден-соолугу чың адам-өнүккөн өлкө”программасы.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы “2017-2021-жылдарга “Кургак учук-V» программасы.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы “2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын (АИВ) –инфекциясын жеңүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы.
4.3. Токтогул шаарын өнүктүрүү программасынын негизинде 2021-жыл ичинде аткарылган иштери жөнүндө.
Токтогул шаары боюнча:
Түтркү берүүчү гранттын эсебинен төмөндөгү иштер аткарылды:
1. Борбордук аянттагы фонтанды ремонттоо;
2. Стадиондогу сырткы жөө адамдар басуучу жол асфальттанды;
Демөөрчүлөрдүн эсебинен:
1. Бримкулов жана Кутманбаев көчөлөрү жарыктандырылды-жеке жактар
2. Даңканай кичи районунун О.Коргол көчөсүнө ичүүчү суу чыгарылды – “АС-САФА” борбору кайрымдуулук фонду;
4.4. Жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын (талаптарын) талдоо
Жамааттын артыкчылыктарын аныктоодо шаардын жашоочуларынын муктаждыктарын биргелешип изилдөө үчүн ар бир кичи райондордо өткөрүлгөн жыйындарда, фокс топтордо жашоочулар эмнеге муктаж, аялдар, жаштар, жарандардын аялуу катмарларынын муктаждыктары боюнча сурамжылоолор жүргүзүлдү.
1. Таласбай кичирайонунда, Акжон жаңы коншунда, мектеп,балдар бакчасынын жоктугу көйгөй жаратат.
2. Жолдорго шагыл төгүп тегиздеп берүү, борбордук бөлүгүн асфальтоо маселесин айтышат.
3. Жумушсуздар үчүн жумушчу орундарын түзүү, шарттарын жакшыртуу боюнча маселелерди көтөрүшөт.
4. Алыскы кичи райондордо ичүүчү таза суу жана саркынды суу түтүктөрүнүн иштешин камсыздоо маселелери.
5. Тамак-аштын, товарлардын жана башкалардын кымбатташы курч көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Айрыкча, баанын кө-төрүлүшү аялуу үй-бүлөлөргө таасирин тийгизип жатат. Аялуу үй-бүлөлөргө муктаждык – бул алар керектүү нерселерди арзандатылган баада сатып ала турган дыйкан базар же социалдык дүкөн.
Ресурстук мүмкүнчүлүктөр
Шаар аймагындагы көйгөйлүү маслелерди чечүү үчүн төмөндөгү ресурстук мүмкүнчүлүктөр колдонулат:
- Республикалык бюджет
- Жергиликтүү бюджет
- Атайын эсеп мамлекеттик ишканасы
- Сырттан инвестиция тартуу
- Ар кандай кайрымдуулук фонддору
- Жергиликтүү жамааттын, жеке ишкерлердин салымы
5. ӨНУКТУРУУ ПРОГРАММАСЫНЫН ЖАЛПЫ МАКСАТЫ
СЭӨПтүн негизги максаты Токтогул шаарынын жашоочуларынын бакубаттуулугун туруктуу жогорулатууну, орто мөөнөттүү келечекте (2021-2025-жж.) экономикалык динамикалык өнүгүүнү камсыз кылуунун жолдорун жана ыкмаларын аныктоо, шаардын инфраструктрасын жакшыртуу, социалдык мүнөздөгү маселерди жана айлана-чөйрөнү сактоо маселесин чечүү жолу менен Токтогул шаарынын жашоосунун сапатын жана денгээлин көтөрүү болуп эсептелет.
Токтогул шаары жөнүндө жалпы маалымат:
Географиялык абалы:
Улуу демократ акын Токтогул Сатылганов атын алып жүргөн шаарыбызга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-март айындагы №198 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Административдик-аймактык реформасы боюнча Концепциясынын негизинде 2012-жылдын 28-сентябрь айында “Шаар” статусу берилген. Токтогул шаарынын тарыхына кайрылсак, мындан 46-48-жыл мурда азыркы Токтогул шаары жайгашкан жер кумдуу бөз дөбөлөрдөн турган адыр болгон экен. 1968-1969-жылдардан тарта зор суу сактагычты курууда Кетмен-Төбөлүктөр чоң зыяндарды тартышып, турак жайларын ата-бабалар кооз жерлерин таштап, ушул бөз дөбөлүү адыр жерге көчүп келүүгө аргасыз болушкан. Кетмен-Төбөнүн акылман эмгекчил эли көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан райондун борборун Токтогул шаарчасын шаарга айлантып, гүлдөтүп, өстүрүп, өнүктүрүп келе жатат. 1928-жылдары бул жерде Токтогул поселкалык кеңеши болуп түзүлгөн. Ал эми 1996-жылдан 2012-жылга чейин Токтогул поселкалык өкмөтү болгон. Токтогул шаары Улуу Жибек жолунун бир бөлүгү, Ош-Бишкек автотрассасынын боюнда Бишкек шаарынан 286 чакырым, ал эми Жалал-Абад облусунун 330 чакырым алыстыкта жана деңиз деңгээлинен 982 метр бийиктикте. Токтогул шаарынын жалпы аянты 701 га түзөт. Айдоо аянтты жана үлүш жерлер жок.
Токтогул шаары Кетмен-Төбө ойдуңунда жайгашып, Жаны жол айыл аймагынын айылдары менен, тактап айтканда чыгышынан Кара –Тектир айылы, тундугунон Кызыл – Туу айылы, туштук- батышынан Токтогул суу сактагычы, Кара - Суу жана Жаны – Жол айылдары менен чектешет.
Климаты кескин контененталдуу, улам жогорулаган сайын континенти азаят январь айынын орточо температурасы – 16 С, июлдуку +23 С, жылдык жаан чачындын өлчөмү 252-500 мм. түзөт.
Жалпы шаар аймагында 10кичи район бар. Туруктуу калктын саны бүгүнкү күнгө 20232адам, 3334 кожолук бар. Казак, өзбек, тажик, уйгур, дунган, корей, татар, орус, украин, ж.б. улуттун өкүлдөрү -3 % түзөт. Шаарда 37 райондук маанидеги мекеме-ишканалар жайгашкан. Калктын 32% мекеме ишканаларда иштешет, мындан сырткары шаардык мэриянын муниципалдык менчигинде 3 орто мектеп, 1 мектеп лицейи, 5 балдар бакчасы, 1 спорт мектеби, 1 балдар чыгармачылык үйү, 1 эс алуу багы (парк), 6000 орундуу 1 стадион, 1 ФАП, 1 ГСВ бар. Шаардагы көчөлөрдүн саны -106, жалпы жолдун узундугу 89,2 км, анын ичинен 13,8 км.асфальт жолдор, шагыл жолдор -72,3 км, топурак жолдор - 3,1 км
№ |