Редакцияот 04.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                         

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы

2022-жылдын 4-февралы № 7-1 

Жерге-Тал айыл өкмөт башчысынын 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгында аткарылган иштери боюнча отчётун жана 2022-жылга карата Жерге-Тал айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 46-47-беренелерине ылайык Жерге-Тал айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын “Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы З.Көпөеванын айыл аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгында аткарылышы тууралуу отчётун кабыл алуу жөнүндөгү” жана “2022-жылга карата айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планынын кабыл алуу жөнүндөгү” корутундуларын угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат: 

1.    Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы З.Көпөеванын 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүктурүү планынын аткарылышы тууралуу отчёту “канаатандырарлык” деп кабыл алынсын.

2.    2022-жылга карата Жерге-Тал айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы тиркемеге ылайык кабыл алынсын.

3.    Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин социалдык, жаштар жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Стамкуловго тапшырылсын.

 

Төрага

К.Мураталиев