Редакцияот 04.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы

2022-жылдын 4-февралы № 7-5 

2022-жылга карата Жерге-Тал айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Жерге-Тал айылдык кеңешинин иш планынын долбоорун карап жана талкуулап, сессия токтом кылат:

1.    Жерге-Тал айылдык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.    Айылдык кеңешинин иш планы өз убагында так аткаруу жагы туруктуу комиссиялардын башчыларына милдеттендирилсин.

3.    Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Н.Мамадалиевага тапшырылсын.

 

Төрага

К.Мураталиев