Редакцияот 04.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы

2022-жылдын 4-февралы № 7-6 

Жерге-Тал суу СПА сынын мурабдарына кайракы жерден 2 га жер аянтты ижарага берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 73 беренесине ылайык жана Жерге-Тал айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2022-жылдын 1-февралындагы отурумун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:

 

1.    Жерге-Тал суу СПАсынын мурабдарына айыл аймактагы фонддун кайракы жеринен 2 (эки)га жер аянтты ижарага  мыйзамдуу карап, тактап чечип берүүнү айыл өкмөттүн башчысына сунушталсын..

2.    Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер жана айыл чарба  маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Назарбековго тапшырылсын.

 

Төрага

К.Мураталиев