Редакцияот 04.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы

2022-жылдын 4-февралы № 7-7 

Жерге-Тал айыл аймагындагы күзгү жана жазгы жайыттарды сактоо максатында

Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнундөгү мыйзамынын 7-беренесине ылайык Жерге-Тал айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиянын 2022-жылдын 1-февралындагы отурумун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:

 

1.    Айыл аймактагы жакынкы күзгү жана жазгы жайыттарды сактоо жана жер кыртышын иретке келтирүү максатында майда жандыктар алыскы жайлоолорго айдалсын.

2.    Жакынкы жайыттарга мал жайууну тыюу салуу менен алыскы жайлоого 20-май айына чейин малдарды айылда калтырбастан айдоо жана 1-сентябрь айына чейин малдарды алыскы жайлоодон алып келбөө жагы жайыт комитетинин төрагасына жүктөлсүн.

3.    Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Назарбековго тапшырылсын.

 

Төрага

К.Мураталиев