Редакцияот 01.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы

2022-жылдын 1-февралы № 7-2

Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 12 айында жергиликтүү бюджетинин жана атайын төлөм каражаттарын чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө.

 

Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдун айыл өкмөттүн 2021-жылдын 12 айында жергиликтүү бюджетинин жана атайын төлөм каражаттарынын сметасынын чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндөгү докладын угуп жана талкуулап, эл депутаттарынын Ак-Коргон айыл Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдун айыл өкмөттүн 2021-жылдын 12 айындагы иш жыйынтыктары боюнча маалыматы эске алынсын.

 

2.    Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин атайын төлөм каражаттарынын аткарылышы канааттандырарлык деп баалансын.

 

3.    Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4.    Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.

 

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Джакишевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Т.Туманбаев