Редакцияот 01.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы

2022-жылдын 1-февралы № 7-5 

 

 “Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2021-2026-жылдар арасында социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо” программасын бекитүү жөнүндө

“Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2021-2026-жылдар арасында социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо” жөнүндөгү программасын угуп жана талкуулап Ак-Коргон айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы

 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    “Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2021-2026-жылдар арасында социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо” программасы тиркемеге ылайык кошумча-алымчасы менен бекитилсин.

2.    Бул программаны ишке ашыруу жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.    Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

4.    Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага

Т.Туманбаев