Редакцияот 01.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы

2022-жылдын 1-февралы № 7-6 

 Ак-Коргон айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө

Ак-Коргон айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин 2022-жылга карата жайыт комитетинин башчысы Ш.Нармырзаевдун билдирүүсүн талкуулап чыгып, эл депутаттарынын Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ак-Коргон айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин 2022-жылга карата билдирүүсү эске алынсын.

2.    Ак-Коргон айыл аймагынын жайыт комитетинин 2022-жылга карата бюджети төмөнкүдөй бекитилсин.

-       бир жылдык кирешеси-102,8 миң сом

-       чыгаша бөлүгү-102,8 миң сом

Анын ичинен

-       салыкка-37,0 миң сом

-       айыл өкмөтүнөн-30,8 миң сом

-       жайыт комитетине-35,0 миң сом

3.    Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

4.    Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Т.Туманбаев