Редакцияот 28.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

2021-жылдын 28-декабры №32 

 

Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарбасына багытталбаган жана кыймылсыз мүлк боюнча Кз зоналык 1,2 коэффициентти бекитип берүү жөнүндө

Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарбасына багытталбаган жана кыймылсыз мүлк боюнча Кз зоналык 1,2 коэффициентти бекитип берүү жөнүндө, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Ырысбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарбасына багытталбаган жана кыймылсыз мүлк боюнча Кз зоналык 1,2 коэффициенти бекитилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышы кирешелер боюнча башкы адис А.Ырысбаевке милдеттендирилсин.

3.    Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .

4.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды. 

 

Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы:

А. Дөөлөткелдиев