Редакцияот 28.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

2021-жылдын 28-декабры №33 

 

Үч-Терек  айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин кирешеси   боюнча  2022-жылга долбоору жана 2023-2024-жылдарга карата божомолу жөнүндө

Үч-Терек айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын  убактылуу милдетин аткаруучу  Н.Койчубаеванын  билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезексиз VIII  сессиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Үч-Терек айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин киреше  бөлүгүнүн 2022-жылга карата долбоору 15534,0 мин сомго жактырылсын.

2.    Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше  бөлүгүнүн 2023-жылга божомолу 14775,0 мин сомго жактырылсын.

3.    Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2024-жылга божомолу  15037,0 мин сомго жактырылсын.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылып, аткаруу жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Байсабаевке жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын  убактылуу милдетин аткаруучу  Н.Койчубаевага милдеттендирилсин.

5.    Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

6.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы:

А. Дөөлөткелдиев