Редакцияот 11.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

2022-жылдын 11-февралы №36 

 

Кетмен-Төбө шаарчасынын тургуну Дойбулов Нуриске Ош-Бишкек жолунун 332-чакырымынын жээгиндеги 10 га жайыт жери трансформацияланып, бак тигип көрктөндүрүү үчүн ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө.

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кетмен-Төбө шаарчасынын тургуну Дойбулов Нуриске Ош-Бишкек жолунун 332-чакырым аралыгындагы, кирпич заводунун батыш тарабындагы бош жаткан 10,0 га жайыт жер аянты трансформацияланып, көрктөндүрүү жана ошондой эле мөмөлүү бак-дарактарды өстүрүү үчүн мыйзам чегинде, 15(он беш) жылдык мөөнөткө келишимдин негизинде макулдук берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3.    Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .

4.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек

айылдык кенешинин төрагасы:

 

А. Дөөлөткелдиев