Редакцияот 11.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

2022-жылдын 11-февралы №39 

 

Кызыл-Ураан айылынын Кара-Кечүү участкасына мечит куруу үчүн жер аянтын карап берүү жөнүндө.

Үч-Терек айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл –Ураан айылынын Кара-Кечүү участкасындагы алма бактын ичинен, муниципалдык менчикке тиешелүү 0,15 га жер аянтын мечит куруу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

3.    Бөлүнгөн жер аянтынын тиешелүү документацияларын бүткөрүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевге тапшырылсын.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5.    Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

6.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек

айылдык кенешинин төрагасы:

 

А. Дөөлөткелдиев