Редакцияот 11.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

2022-жылдын 11-февралы №44

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин 2022-жылга өтүлүүчү сессияларынын иш планын бекитүү жөнүндө.

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин 2022-жылга өтүлүүчү сессияларынын иш планын бекитүү боюнча айылдык кеңештин төрагасынын орун басары У.Күлчороевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылга сессияларынын иш планы бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет).

2.    Иш пландын негизинде сессиялардын өз убагында өтүүсүн камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин коомдук башталыштагы төрагасынын орун басары Күлчороев Улукбекке тапшырылсын.

3.    Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек

айылдык кенешинин төрагасы:

 

А. Дөөлөткелдиев

 

 

 

                                                                2022-жылдын 11-февралындагы Үч-Терек айылдык

кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги

                                                                IX сессиясынын № 44 токтомуна 1- тиркеме

Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылга өтүлүүчү сессиялардын

 

 

 ИШ ПЛАНЫ.

 

 

№

 Каралуучу маселелер

Аткаруу мөөнөттөрү

Кимдер даярдайт

 

1.

 

Айыл өкмөт башчысынын жана аппаратынын 2021-жыл ичинде жасаган жумуштары боюнча отчету жана 2022-жылга карата иш-планын кароо

 

I-кварталда 2022-жылы

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы ,салык кызматкерлери, вет. адис, жайыт комитети, соц.адис, жер адис жана ВУС кызматкерлери

 

2

Көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча 3 айлык жарыялоо.Тазалык боюнча иштерди кароо,таштанды полигонун чечүү жөнүндө.

 

 *****

Экономист-статист, соц маселелер боюнча туруктуу комиссия

3

Сугат иштерин уюштуруу.(УОС,СПАнын жазгы иштерге карата даярдыгын кароо.Айыл башчылардын жазгы иштеринин маалыматы

 

 *****

УОС кызматкери А.Абдыкадыров,СПАнын жетекчиси Молдокан уулу Жаныш

Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия

4

Айдап себүү,таза суу,сугат суу,оруп жыюу,бада акысы ж.б. тарифтерди бекитүү

 

 *****

Статист-экономист С.Жолдошова

Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия

5

Токой чарба боюнча адистин, жайыт комитетинин 2021-жылы жүргүзгөн иштерин кароо , 2022-жылга иш-планын карап бекитүү жана көчүп конууну уюштуруу

 

 *****

 

Токой чарба боюнча адис М.Мундузбаев , жайыт комитети Ж.Сатыбаев

Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия

6

Айылдык кеңештин төрагасынын , орун басарынын жана туруктуу комиссияларынын отчеттору 2021-жыл үчүн

 

 *****

 

1

Билим берүү тар мактарынын отчету (мектептер, бала –бакчалар)

II-кварталда 2022-жылы

Мектеп директорлору, бала бакча башчылары, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия

2

№30 Жол тейлөө ишканасынын жылдык иш-планын кароо

 

 *****

№30 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Т.Кенетаев

Агрардык маселелер боюнча комиссия

3

Участкалык инспектордун 2021-2022ж үчүн жылдык маалыматы

 

 *****

Участкалык инспектор

Мыйзамдуулук комитети

4

РЭС мекемесинин 2021-2022ж үчүн жылдык маалыматы

 

 *****

Абдылдабеков Ж.

Агрардык маселелер боюнча комиссия

5

Архитектура жана Кадастр ишканасынын маалыматы,Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адисинин маалыматы

 

 *****

Архитектура жана Кадастр ишканасынын жетекчилери,жер адис М.Келгенбаев

Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия

1

Айыл өкмөт башчысынын 6 айлык отчету

III-кварталда 2022-жылы

Айыл өкмөт башчысы, туруктуу комиссиялар

2

УОС суу чарба башкармалыгынын жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы

 

 *****

УОС суу чарба башкармалыгынын Үч-Терек бөлүмчөсүнүн жетекчиси А.Абдыкадыров

Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия

3

Саламаттыкты сактоо тармактары 2021-2022 ж үчүн маалымат

 

 *****

Башкы дарыгер М.Орозов,ФАП башчылары, Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия

4

Байкоочу кеңештин өкүлүнүн отчету

 

 *****

Байкоочу кеңештин өкүлү

Н.Султанкулова

1

Күзгү оруп жыйноо иштеринин жыйынтыгын кароо

IV-кварталда 2022-жылы

С.Жолдошова , М.Келгенбаев жана айыл башчылар

2

Кышка карата даярдык

 

 *****

Өкмөт башчы, №30 Жол тейлөө мекемеси,Мектеп директорлору,бала бакча башчылары

3

Аксакалдар соту, Аялдар кеңеши жана башка коомдук уюмдардын иштерин кароо

 

 *****

Аксакалдар сотунун төрайымы, Аялдар кеңешинин төрайымы , социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия

4

Айыл өкмөт башчысынын 9 айлык отчету

 *****

Айыл өкмөт башчысы, туруктуу комиссиялар

 

 

 Үч-Терек айылдык кеңешинин коомдук

 башталыштагы төрагасынын орун басары: У. Күлчороев