Редакцияот 11.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

2022-жылдын 11-февралы №50 

Кетмен –Төбө шаарчасынын тургуну Жолдошова Айзирекке ишкерлик жүргүзүү үчүн 0,10 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кетмен-Төбө шаарчасынын тургуну Жолдошова Айзирекке, ишкерлик жүргүзүү үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин, Кетмен-Төбө шаарчасынын тургуну Жолдошова Айзирекке, ишкерлик жүргүзүү үчүн 0,10га жер аянтын бөлүп берүү боюнча сунушу колдоого алынсын.

 2. Кетмен –Төбө шаарчасынын тургуну Жолдошова Айзирекке, Үч-Терек айыл аймагындагы бош жаткан жайыт жерден , мыйзам чегинде жер аянтын чектеп берүү жагы жер адис М.Келгенбаевке милдеттендирилсин.

 3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы:

А. Дөөлөткелдиев