Редакцияот 26.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

2021-жылдын 26-майы № 2/3 

Кашка-Суу айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилдегана кабыл алуу жөнүндө

Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаттары Кашка-Суу айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу боюнча сунуштарды угуп жана талкуулап сессия

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.    Кашка-Суу айылдык кеңешинин токтомдору (Кыргыз Республикасынын 22-февраль 2013-жылдагы №30 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) Ченемдик укуктук актынын долбоорун кабыл алуу боюнча 26-беренеде көрсөтүлгөн 1-1 пунктуна негиз мамлекеттик тилде гана

кабыл алынсын.

2.    Кашка-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.

3.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кашка-Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Мамытовго жүктөлсүн.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Калетовага милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Кулетов.