Редакцияот 17.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы

2021-жылдын 15-июлу № 3/1 

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылга түзүлгөн сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Күн тартибиндеги каралган маселе боюнча Кашка-Суу айылдык кеңешинин бюджет, экономика, кредит жана соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Калетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат;

 

1.    2021-жылдын 6 айдагы аткарылган иштердин жыйынтыгы менен калган калдык жана муктаждыктар үчүн сметага өзгөртүү киргизүүдөгү 692,5 (алты жүз токсон эки миң беш жуз) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.

Р-7011-башкаруу аппаратына – 592,5 сом анын ичинен:

- Заманбап аялдама салуу үчүн өздүк салым-300,0

- Концелярдык товарларга-30,0

- Айыл өкмөтүнүн борборундагы эстеликти оңдоп түзөө үчүн-150,0

- Айыл өкмөтүнө көмүркана куруу үчүн -30,0

- Гүлбак айылынын таза-суусун ремонттоо үчүн-57,5

- Айылдык кеңештин катчысына сейф сатып алууга -25,0

Жалпысы башкаруу аппаратына:

Ст 2215-300,0

Ст 2222-262,5

Ст 3111-30,0

 

Р-70921 билим берүү тармагына - 100,0 анын ичинен:

- Шатманов мектебине ысык тамак үчүн ашкнасын ремонттоого-100,0

Ст 2221 – 100,0

2.    Токтомдун аткарылышындагы жоопкерчилик Кашка-Суу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.    Айылдык кеңешитин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-Suu . jalal-abad . kq” сайтына жарыялансын.

4.    Расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

5.    Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жан каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, кредит жана соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Калетовго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Кулетов.