Редакцияот 15.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы

2021-жылдын 15-июлу № 3/7 

  Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө

Күн тартибиндеги каралган маселе боюнча Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Камчыбек уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат;

 

1.    Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчаларда, мектепке чейинки балдарды тарбиялоодо, балдардын ысык тамагы үчүн ата-энелердин күнүмдүк төлөмү 33 сом өлчөмүндө белгиленсин.

2.    Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-Suu . jalal-abad . kq” сайтына жарыялансын.

3.    Расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

4.    Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жан каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык жактан калкты коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, байланыш, таза-суу, жаштар иштери, маданият, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Адылбековго тапшырылсын.

 

Төрага

А.Кулетов.