Редакцияот 07.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы

2022-жылдын 7-февралы № 5/2

Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2022-жылда аткарыла турган иш-планын бекитүү  жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.А.Калетованын билдирүүсүн  угуп жана  талкуулап, айылдык кеңештинсессиясы  токтом кылат;

 

1.    Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2022-жылда аткарыла турган иш-планы бекитилсин.

2.    Иш планды аткаруу боюнча айылдык кеңештин регламентине ылайык иштиктүү чараларды көрүү айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары ( А.Калетов,

Н.Адылбеков, А.Абдраимов, Н. Мамадалы уулу) милдеттендирилсин.

3.    Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-Suu . jalal-abad . kq” сайтына жарыялансын.

4.    Токтом расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

5.    Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жала-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.А.Калетовага тапшырылсын.

 

Төрага

А.Кулетов.