Редакцияот 13.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы

2021-жылдын 13-октябры № 4/2 

“Укук тартиби, мыйзамдуулук, өзгөчө кырдаалдар, чек ара, аскерий жана этика боюнча туруктуу комиссиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Кашка-Суу айылдык Кеңешинин “Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларын шайлоо жөнүндөгү” регламентинин 10-главасына жана Укук тартиби, мыйзамдуулук, өзгөчө кырдаалдар, чек ара, аскерий жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 11-октябрындагы өткөрүлгөн отурумунун №1 протоколуна негиз айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат;

 

1.    Абдраимов Асан Жапарович “ Укук тартиби, мыйзамдуулук, өзгөчө кырдаалдар, чек ара, аскерий жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп бекитилсин. 

2.    Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-Suu . jalal-abad . kq” сайтына жарыялансын.

3.    Расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

4.    Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айылдык кеңешинин “ Укук  тартиби, мыйзамдуулук, өзгөчө кырдаалдар, чек ара, аскерий жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Кулетов.