Редакцияот 03.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Авлетим айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы

2022-жылдын 3-февралы № 7/1 

Авлетим айыл өкмөтүнүн 2020-жылда жүргүзгөн иштеринин жыйынтыктары тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Атантаевдин отчёту жөнүндө

Айлдык Кеңештин «Бюджет жана экономика», «Социалдык» жана «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун 27.01.2022-жылдагы корутундусуна ылайык,сессия

Токтом кылат:

1.    Авлетим айыл өкмөтүнүн 2021-жылда жүргүзгөн иштеринин жыйынтыктары тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Атантаевдин отчёттук билдирүүсү кабыл алынсын.

2.    Отчеттук билдирүүнү угууда депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын негизинде белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча иштиктүү чараларды көрүү айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.

3.    Токтом    avletim.jalal-abad.kg  сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдѳѳ айылдык Кеңештин туруктуу     комиссияларынын тѳрагаларына  жүктөлсүн.

 

Тѳрага:

Н.Абдыраманов