Редакцияот 03.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Авлетим айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы

2022-жылдын 3-февралы № 7/2 

«Авлетим айылдык аймагынын 2022 -жылдагы социалдык-өнүгүү программасынын планы жана 2023- 2024-жылдарга долбоору жөнүндө»

Айылдык Кеңештин «бюджет жана экономика», «Социалдык», «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун 27.012022-жылдагы корутундусуна ылайык,сессия

Токтом кылат:

 

1.    Авлетим айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы айылдык аймактын социалдык-өнүгүү Программасынын планы жана 2023-2024-жыладрга долбоору бекитилсин.

2.    Токтом avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3.    Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

 

Тѳрага:

Н.Абдыраманов