Редакцияот 03.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Авлетим айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

2022-жылдын 3-февралы № 7/5 

Авлетим айылдык аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыктары тууралуу жайыт комитетинин төрагасы Ж. Атеновдун отчету жөнүндө

 

Айылдык кеңештин «айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 2-февралдагы корутуундусуна ылайык сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Авлетим айылдык аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылдагы аткарган иштери тууралуу жайыт комитетинин төрагасы Ж. Атеновдун отчеттук билдирүүсү кабыл алынсын.

2.    Депутаттар тарабынан айтылган жана белгиленген сын-сунуштардын негизинде белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрүү жайыт комитетине(төрагасы Ж Атенов) милдеттендирилсин

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссисына жүктөлсүн.

 

Тѳрага:

Н.Абдыраманов