Редакцияот 03.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Авлетим айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

2022-жылдын 3-февралы № 7/7 

«Авлетим токой чарбасынын токой фондусун ичиндеги токой ресурстарын пайдалануу боюнча тѳлѳнүүчү тѳлѳм жана ижара акыларын 2022-жылга тарифтик бааларын бекитүү жѳнүндѳ»

Айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» жана Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун 2022-жылдын 27-январындагы протоколуна ылайык, сессия

токтом кылат:

1.    Авлетим токой чарбасынын токой фондусунун ичиндеги токой ресурстарын пайдалануу боюнча тѳлѳнүүчү тѳлѳм жана ижара акыларынын 2022-жылга тарифтик баалары бекитилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Айыл чарбасы жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Э.Токобаевге жүктѳлсун.

3.    Токтом avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

 

Тѳрага:

Н.Абдыраманов