Редакцияот 25.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

2022-жылдын 25-январы № 2 

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2021-жылдан 2022-жылга өткөн акча каражатынын каржыланышы,сарпталышы жөнүндө

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджеттик каражаттан калдык болуп калган акча каражатынын 2022-жылга карата каржыланышы сарпталышы боюнча 150 000 сом Куйбышев айылындагы Иманбаев мектебинин спорт залынын жылуулугуна, 65 000 сом айылдардагы жолбун иттерди жок кылууга, 100 000 сом Кызыл-Туу айылындагы мини футбольный площадкага документтерди даярдоого, 19500 сом Комсомол айылына ток ажыраткыч (разъединитель) койдурууга, 209 000 сом Жаңы-Жол айылынын Тургун көчөсүнө зым чубалгаларын алууга, 70000 сом Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фонддун каттоого даярдык көрүү жана документацияларга (сот,прокуратура,топурактын анализине) 8363 сом ФЭБ башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсүн, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүн, Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын, чечими эске алынсын.

2.    2021-жылдан 2022-жылга өткөн 921863 сом акча каражаты төмөндөгүдөй разделге, статьяларга бөлүнүп берилсин.

Раздел орто мектеп 70921

Статья 2221                                    150 000сом ;

Раздел аппарат      70111            19500 сом;

Статья 2215

Раздел аппарат      70111            100 00 сом;

Статья 2215

Раздел аппарат      70111            65000 сом;

Статья 2215

Раздел аппарат      70111            300 000 сом;

Статья 2511

Раздел аппарат      70111            209 000 сом;

Статья 2215

Раздел аппарат      70111            70 000 сом;

Статья 2215

Раздел аппарат      70111            8363 сом;

Статья 2215

Атайын каражаттан

Раздел аппарат      70111

Статья 2222                                    52 119 сом.

 

3.    Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаны-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

4.    Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

5.    Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

Т.Өзүбеков