Редакцияот 24.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2022-жылдын 24-февралы № 9 

Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде 2021-жылдан калган калдык каражаттарды бекитүү жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономкалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде 2021-жылдан калган калдык каражаттары төмөндөгүдөй бекитилсин.

-Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндө 2021-жылдан жергиликтүү бюджетте калган каражаттар: негизги эсепте 2306,5миӊ сом, атайын каражаттын эсебинде 1604,7 миң сом 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилсин.

-Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн           жергиликтүү бюджетинде 2021-жылдан калган калдык каражаттарды 2022-жылда жумшоо жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

-Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеӊештин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономкалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

2.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

3.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кенештин төрагасынын орун басары:

М. Суранбаева