Редакцияот 24.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2022-жылдын 24-февралы № 10 

Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашаларын оптималдаштыруу жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономкалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Кыргыз Республикасынын Президентинин 02. 12. 2021-жыл №541 Жарлыгын аткарууга алуу максатында Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинен айыл өкмөт башчысына берилген 09. 02. 2022-ж. №01-12-12 сандуу билдирүүсүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 02. 12. 2021-жыл №541 жана 26. 06. 2021-жыл №278 Жарлыгын аткаруу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн сунушуна ылайык айыл өкмөтүнүн төмөндөгү штат бирдиктери кыскартылсын:

-айыл өкмөт башчысынын орун басары-1 (1штат бирдиги)

-башкы адис 1-(1штат бирдиги)

-жетектөөчү адис-1(1 штат бирдиги)

-жетектөөчү адис(айыл башчы)-1(1 штат бирдиги)

-адис (ВУС) кызматкери-1 (1штат бирдиги)

-адис (оператор)-1 (1штат бирдиги)

2.   Айыл өкмөттүн аппаратынын штат бирдигин кыскартып бекитүү тиешелүү мыйзамга ылайык Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

3.   Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.   Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кенештин төрагасынын орун басары:

М. Суранбаева