Редакцияот 24.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2022-жылдын 24-февралы № 11 

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын тургундарынын кайрылууларын канааттандыруу максатында жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп берүү жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономкалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Акматжан уулунун сунушунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы төмөндөгү социалдык мекемелерге жана айыл тургундарына жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин:

-Камыш-Башы айылындагы демөөрчүлөр тарабынан чыгарылган сууга кошумча суу кампа курууга 100,0 миң сом берилсин;

- Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы лигага чыга турган мектеп окуучуларына жол кире акыларына 100,0 миң сом берилсин;

-Орто-Жон айылындагы электр энергиянын чубалгыларын алууга 135,0 сом берилсин;

-Айыл өкмөтүнө түстүү А-3 өлчөмүндөгү принтер алууга 40,0 миң сом берилсин;

-Бууракан, Орто-Жон айылындагы жайыт жерине тиешелүү жерден жол салууга 16,0 миң сом күйүүчү майга берилсин;

-Айыл ичинде ички жолдорго труба коюуга 60,0 миң сом берилсин;

-Орто-Жон айылынын тургуну Кулуева Калиянын дарылануусуна 10,0 миң сом берилсин;

-Камыш-Башы айылынын тургуну Качкынова Мира Шариповнанын дарылануусуна 10,0 миң сом берилсин;

«Өнүгүү-Башаты» муниципалдык ишканасынын эсебиндеги 200,0 миң сом акча каражаты төмөндөгүлөргө жумшалсын:

-Жолдорго кум-шагылды элеп төгүү үчүн элек жасоого 100,0 миң сом берилсин;

- Камыш-Башы, Бел-Кара-Суу, Шайык айылдарынын окуучуларын ташуучу кичи автоунаанын оңдоо иштерине 100,0 миң берилсин.

1.    Жергиликтүү бюджеттин тартышыгына байланыштуу айылдык кеңешке келип түшкөн чечилбей калган төмөндөгү жарандардын сунуштарын 2022-жылга (салык жана башка) ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чечүү максатында айыл өкмөт башчысына тапшырылсын:

- Эгембердиев Талант-кириш №Э-5. 17.01.2022-жыл

- Шайык айылдарынын тургундары - кириш №К-6, 17. 01. 2022-жыл

- Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнөн –кириш №К-7, 17. 01. 2022-жыл

- Абдыкаимова З.- кириш № А-10 19. 01. 2022-жыл

- Тангабаев Х- кириш №Т-12 27. 01. 2022-жыл

- Алыбеков М.-кириш №Т-13 24. 01. 2022-жыл

- Э.Мураталиев -кириш №Э-14 01. 02. 2022-жыл

- Тангабаев Х. -кириш №Т-15 01. 02. 2022-жыл

- Өзгөрүш айылынын тургундарынан –кириш №К-17 01. 02. 2022-жыл

- Э.Бешкемпирова-кириш №Б-25 07. 02. 2022-жыл

- Ж.Ысырайылов-кириш №Ы-35 17. 02. 2022-жыл

- К.Чодошов орто мектебинен-кириш №Кл-36 17. 02. 2022-жыл

- Э.Бакиевден-кириш №Б-37 17. 02. 2022-жыл

- Шайлообеков Д.- кириш №Ш-39 21. 02. 2022-жыл

- Шайлообеков Д.-кириш №Ш-40 21. 02. 2022-жыл

2.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

3.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кенештин төрагасынын орун басары:

М. Суранбаева