Редакцияот 24.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2022-жылдын 24-февралы № 14 

Токтогул районунун, Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынан Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө 2022-жылга карата бөлүнгөн каражаттардын бөлүнүп жумшалышы жөнүндө

Токтогул районунун, Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынын байкоочу кеңешинин Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн өкүлү Кубат уулу Эрмектин маалыматын угуп, талкуулап

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Токтогул районунун, Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынын 2021-жылга бөлүнгөн каражаттардын жумшалышы жөнүндө Кубат уулу Эрмектин берген маалыматы жактырылсын.

2.    Атайын эсеп дирекциясынан бөлүнгөн каражаттар төмөндөгүдөй бөлүнүп жумшалсын:

-Ж. Чаргынов атындагы орто мектебине ашкананын имаратын курууга 3400,0 миң сом;

-“Жаңы-Күч” каналынын башкы суу бөлүштүрүүчү курулмаларын куруу жана каналды калыбына келтирүүгө 150,0 миң сом.

3.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кенештин төрагасынын орун басары:

 

М. Суранбаева