Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги X сессиясы

2022-жылдын 21-январы № 2

“Келишимди бекитип берүү жөнүндө”

Аксы райондук статистика бөлумү менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Райышбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги X сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Аксы райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Б.К.Узаков менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ш.Райышбековдун айыл өкмөтүнүн экономист-статисинин (эмгек акысы, сапар чыгымы, телефон кызматы) боюнча түзүлгөн келишими бекитилсин.

2.    Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн karasuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;

3.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн;

 

Кара-Суу айыл кеңешинин төрагасы:

Т.Нарматов