Редакцияот 09.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8 чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

2021-жылдын 9-сентябры № 9

Чолпон-Ата айыл аймагындагы Т.Сатылганов атындагы музейдин куурап калган бак- дарактарын кыюууга уруксат берүү жөнүндө

 

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы карап талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1.    Чолпон-Ата айыл аймагынын Чолпон-Ата айылында жайгашкан Т.Сатылганов атындагы музейинин куурап калган бак-дарактарын кыйып тазалоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын 2021-жылдын 08.04-айындагы № 01-06/589 чыгыш катынын негизинде куурап калган бак-дарактарды кыйып тазалоого уруксат берилсин.

2.    Кыйылган бак-дарактардын акча каражатын музейдин ички жана тышкы ремонтторуна жумшап иш алып баруу жагы музейдин жетекчиси Осмонова Гульмирага милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкуловко тапшырылсын.

 

4.    Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

 

Төрайым:

Р.Токтоназарова