Редакцияот 09.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8 чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

2021-жылдын 9-сентябры № 10

“ Алатай” жаратылыш паркынын аймагындагы жайыттарга ижара акыны жана ижарага берилүүчү жерлерге тарифтерди талкуулап жөнгө салуу жөнүндө

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы карап талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1.    Жайыт акы 2021-жылга төмөндөгүдөй тарифтик баада белгиленсин.    

Бир башка бир айга:

Жылкыга жана бодо малга 30 сом

Эки жашка чейинки кулунга жана торпокко -15 сом

Бир баш койго -5 сом

Козуга – 2 сом 50 тыйын.

2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жериндегиижара акылар төмөндөгүдөй тарифте белгиленсин.

 

1.    Чоп чабындыга -0,01га учүн 4 сом

2.    Жашылдандырууга -0,01га үчүн -20 сом

3.    Айдоо жерлерге 0,01га үчүн -30 сом

4.    Бир палатка же боз үй тиккенге -50 сом

5.    Бал аарысы бар ар бир ящикке -50 сом

 

3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерине кирген

Жүк ташуучу автомашина жана автобуска -100 сом

Жеңил автомашинага - 50 сом болуп бекитилсин.

 

4. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

Төрайым:

Р.Токтоназарова