Редакцияот 03.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 3-августу № 01-5/19

Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 02-августундагы №01-36/805 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Транспорт көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн долбоорлонуучу өнөр жай аймагына чейин оор техникалардын көп каттамынан жашоочуларга ыңгайсыздыктар жаралып, асфальттоо боюнча жашоочулардын кайрылуулары келип түшкөндүгүнө байланыштуу, шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын №01-36/805 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.

2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.

3.Элдин кайрылуусун канааттандыруу максатында, бүгүнкү күндө базар баасынын кескин жогорулагандыгын эске алып, 2017-жылы даярдалган долбоорунун сметасын кайрадан эсептелип чыгарылгандыгына байланыштуу, долбоордун ПК 00+0дөн ПК 750+0 пикетине чейинки аралыктагы жалпы баасы 19 597 635 (он тогуз миллион беш жүз токсон жети миң алты жүз отуз беш) сомду түзүп, бюджеттин тартыштыгын эске алуу менен долбоорго 9 102 521 (тогуз миллион бир жүз эки миң беш жүз жыйырма бир) сом эсептелип, 2021-жылдын иш-планына сметанын негизинде киргизилсин.

4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары,

төраганын убактылуу милдетин аткаруучу

 

С.П.Маматкулов