Редакцияот 23.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ_СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезексиз IХ- сессиясынын

 

2022-жылдын 23-марты № 47

Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө.

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,

 

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2022- жылга бюджетти 580 000 ( беш жүз сексен мин )сомго бекитилсин.

2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2022- жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү 580 000 ( беш жүз сексен мин) сомго алымча кошумчасы менен бекитилсин.

-юридикалык жер салыгы- 173 611( бир жүз жетимиш үч мин алты жүз он бир ) сом

-эмгек акы соц фонд -90 000 ( токсон мин) сом

-канц товар – 5000 ( беш мин) сом

-транспорт чыгымы -35 000 ( отуз беш мин) сом

-жайлоонун жолун ондоо-120 000 ( бир жүз жыйырма мин) сом

-Жангакты айылына-30 000 ( отуз мин) сом

-Жайлоо жолуна турба алууга -13611( он үч мин алты жүз он бир ) сом

-Кыргызстан айылына -40 000 ( кырк мин) сом

-Жардамчыга- 50( элүү мин) сом

Кошумча кирешеден

-Жийде айылына- 20 000 ( жыйырма мин ) сом

 

3.Ушул токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы К. Чолпонбаевке милдеттендирилсин.

4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин Бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга жүктөлсүн.

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы

 А.Кыргызбаев