Редакцияот 06.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сын-таш айыл кенешинин 6-сессиясы

 

2022-жылдын 6-апрели № 57/6-28

Жер бөлүп берүүгө уруксат берүү жөнүндө

Сын-Таш айыл аймагынын Сын-Таш айылындагы Шакиров көчөсүнүн № 42 жайгашкан, Камчыбык Шакиров атындагы жалпы билим берүү мектебин мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18 беренесине ылайык , Сын-Таш айыл Кеңеши

ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:

1.Сын-Таш айыл аймагындагы Камчыбык Шакиров атындагы жалпы билим берүү мектеби жайгашкан жана ага тиешелүү 17 930 (он жети миң тогуз жүз отуз ) чарчы метр жерди бөлүп берүүгө уруксат берилсин.

2.Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жогорудагы жер участогун белгиленген тартипте муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө кайрылуу жасалсын.

3.Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы:

Джолдошбеков Э.Б.